Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик тартипти одоно түрдө бузуулардын бири аскер бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү болуп саналат. Бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскер кызматтарынын аброюна залака тийгизүү менен бирге, мамлекеттик коопсуздукка да коркунуч жаратышы мүмкүн, ошондой эле юридикалык жактан дагы түрдүү кесепеттерге алып келиши ыктымал.
Аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат өтөп жаткан жерин командачылыктын уруксаатысыз жана жүйөлүү себептерсиз өз алдынча таштап кетүүсү — Кыргыз Республикасында бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү болуп эсептелинет. Бул укук бузуу аскердик тартип бузуунун бир түрү болуп саналат жана ошондой эле, жагдайга жараша кылмыш катары каралышы дагы мүмкүн.
Практика көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында дагы башка өлкөлөрдөгүдөй эле бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүүнүн негизги себептери катары төмөндөгүлөрдү атасак болот: үй-бүлөлүк көйгөйлөр же жеке себептер; каржылык жана материалдык камсыздоонун жетишсиздиги; психологиялык жана моралдык басым (стресс, депрессия, кызмат шарттарына нааразычылык, куралдаштары же командачылык менен орун алган чыр-чатактар); аскердик тартипти жана шарттарды кабыл албоо; жакындарынын ооруп калышы жана жеке жашоодогу көйгөйлөрү аскер кызматын таштап кетүүгө түрткү болуп келет.
Ошону менен бирге, аскер кызматынын оордугунан улам кызмат өтөөдөн көңүл калуусу, кесибин өзгөртүүнү каалоосу же армиядагы мансаптык мүмкүнчүлүктөргө канааттанбоо сыяктуу себептер да орун алган фактылар кездешет.
Кыргыз Республикасында бөлүктү же кызмат өтөп жаткан жерин өз алдынча таштап кетүү тартиптик жоопкерчилик катары дагы жөнгө салынат, ошондой эле окуянын жагдайларына жараша укук бузуу (административдик) же кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.
Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өз алдынча таштап кетүүнүн кесепеттери аскер кызматкеринин кызматты таштап кетүүсүнүн мөөнөтүнүн узактыгына, анын жүрүм-турумунун жыйынтыгында улуттук коопсуздукка зыян келтиргендигине, же башка оор кесепеттерге алып келгендигине жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренсине ылайык аскер бөлүктү же кызмат өтөө жерин мыйзамсыз таштап кетүү төмөнкү учурларда кылмыш катары каралат:
1. Кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат өтөө жайын өзү билип таштап кетсе, ошого тете бөлүктөн бошотулганда, дайындалгаңда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен үч суткадан ашык, бирок он суткадан кем эмес убакытта кызмат өтөөгө жүйөсүз себептер менен келбесе –тартиптик аскер бөлүгүндө үч айга чейинки мөөнөткө кармоо жазасы каралган.
2. Он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашпаган узактыктагы ошол эле аракеттери — тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейин кармоо жазасы каралган.
3. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары бөлүктү же кызмат өтөгөн жерди өз алдынча таштап кетиши, ошого тете эле анын он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашык эмес узактыкка жүйөсүз себептер менен кызматка келбей коюусу – 20 000ден 50 000 сомго чейинки өлчөмдө айып каралган.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет, өзү билип таштап кетүү отуз суткадан ашык болсо — эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
5. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер, согуш убагында же согуштук жагдайда, ага тете согуштук же өзгөчө абал шарттарында жасалса — эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
Эскертүү катарында, ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган аскер кызматкери, эгерде аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кетүү оор жагдайлардын айкалышынын натыйжасында келип чыкса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүндүгү белгиленген.
Мындан сырткары, кызмат ордун өзү билемдик менен таштап кетип, бирок аскер кызматкеринин аракеттеринде жогоруда тизмеленген кылмыштардын түрлөрүнүн курамы камтылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесинин 423-беренесинин 3-бөлүгү боюнча аскер кызматын өтөө тартибин бузууга жол бергендиги үчүн административдик жоопкерчилигине тартылаары каралган.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратура органдары аскер бөлүктөрүн таштап кетүү учурларын алдын алуу үчүн укуктук, психологиялык жана социалдык багыттарда ар тараптуу иш-чараларды такай жүргүзүп келет. Бул аракеттер аскердик тартипти күчөтүү менен бирге, кызматкерлердин укуктарын коргоого жана алардын мыйзамдуу шарттарда кызмат өтөөсүн камсыздоого багытталган. Бирок, бул багыттагы иштердин натыйжалуулугу үчүн прокуратуранын жана аскер жетекчилигинин өз ара тыгыз кызматташтыгы маанилүү.
Аскердик тартип жана мыйзамдуулук мамлекеттик коопсуздуктун негизги тиреги болуп саналат. Ошондуктан аскер кызматчыларынын өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу гана эмес, мамлекеттин алар үчүн тийиштүү шарттарды түзүүсү да абдан маанилүү. Көп тараптуу иштердин жүргүзүлүшү бул көйгөйдү азайтууга жана аскердик тартиптибекемдөөгө жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын
бөлүмүнүн улук прокурорлору У.Шахматов