Мамлекетке келтирилген материалдык зыян менен байланышкан кылмыштардын сотто кабыл алынган чечимдери

Прокуратура органдары мамлекеттик башкаруу системасында өзгөчө орунду ээлеп, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт ж.б.

Кылмыш жасаган ар бир адам жазадан, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн чараларынан кутулбайт. Айрыкча азыркы этапта мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирген кылмышкерлерге карата чечкиндүү чаралар көрүлүүдө.

Ошону менен бирге, кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принцибин ишке ашырууда тергөө амалдарынын толук, ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүсү өтө маанилүү. Анткени кылмыш куугунтуктоосунун логикалык аягы бул кылмышкерге карата чыгарылган соттун өкүмү болуп саналат.

Алсак, Аскер прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кочкор райондук комиссариатынын имаратын демонтаждоо боюнча түзүлгөн расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө аныкталгандай Кыргызcтандын коргоо министрлигинин 2023—жылдын 4-июлундагы буйругунун негизинде “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасы айрым квалификациялык талаптарга ылайык келбегендигине карабастан, аталган министрликтин квартиралык-эксплуатациялык камсыздоо боюнча Бишкек базасы менен 5,2 млн сом өлчөмүндө алдын ала жогорулатылган келишим түзүлгөн.

Тергөө амалдарын уюштурууда тергөөчү тарабынан жазык-процессуалдык мыйзамдардын талабына ылайык мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо максатында дайындалган аудиттик текшерүүнүн корутундусуна ылайык зыяндын өлчөмү 3 223 107 сомду түзүп, анын ордун толтуруу үчүн комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, чогултулган далилдердин негизинде кылмышка түздөн-түз тиешеси бар кызматкерлер камакка алынган. Атап айтканда, “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Дж.С., башкы энергетиги Н.Н. жана мастери А.Т. камкка алынган.

Тергөө учурунда айыпталуучулар тарабынан мамлекетке келтирилген 3 223 107 сомдук зыян толугу менен кайтарылган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 2024-жылдын 24-январында “Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын жогоруда  аталган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза Кодексинин 346-беренеси (кызматтык жасалмалык) менен акыркы айыптары угузулган.

Тергөөнүн алкагында 2 айыпталуучудан (А.Т. жана Н.Н.) келип түшкөн өтүнүчтөрдүн негизинде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө процессуалдык келишимдери түзүлүп, аларга карата иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн, ал эми, “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Дж.С. жана башкы инженери Ы.Ш. карата кылмыш иши 2024-жылдын 31-январында негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Дж.С. жана башкы инженери Ы.Ш. карата соттук териштирүү жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөндүгүн, айыпкерлер күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын эске алып, 2024-жылдын 28-мартындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза Кодексинин 40-беренеси, 346-беренесинин 1-бөлүмү менен (Дж.С. жана Ы.Ш.) күнөөлүү деп табылып, 1 жыл эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, мунапыс мыйзамынын негизинде жазадан бошотулган.

Поделиться