Акыркы жылдары санариптик технологиялар жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Интернет-банкинг, электрондук соода, социалдык тармактар жана онлайн кызматтар жарандарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге киберкылмышкерлер үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылууда.
Кыргызстанда интернет-алдамчылык барган сайын актуалдуу көйгөйгө айланууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы интернет-алдамчылык боюнча 1 547 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыян 826 млн сомдон ашкан. 2026-жылдын январь–июнь айларында алдамчылык боюнча 7 095 факты катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн.
Кылмышкерлердин кеңири колдонгон ыкмасы – өздөрүн банктын, укук коргоо же мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарга психологиялык басым көрсөтүү. Алар «шектүү операция», «насыя чыгарылды» же «банктык эсеп бөгөттөлөт» деген сыяктуу жалган маалыматтарды айтып, банк картасынын реквизиттерин, сырсөздөрдү, SMS-коддорду жана башка купуя маалыматтарды алууга же акча каражаттарын көрсөтүлгөн эсептерге которууга көндүрүшөт.
Алдамчылыктын дагы бир кеңири тараган түрү – фишинг. Жасалма сайттар жана шилтемелер аркылуу жарандардын жеке жана банктык маалыматтары уурдалат. Мындан тышкары, кылмышкерлер уурдалган акчаларды бир нече банктык эсептерге жана электрондук капчыктарга которуп, изин жашырууга аракет кылышат. Мындай схемаларга өзүнүн банктык эсебин же электрондук капчыгын берген адамдар да тартылып, мыйзам алдында жоопкерчиликке дуушар болушу мүмкүн.
Өзгөчө виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдө сак болуу зарыл. Мындай кызматтарды көрсөткөн операторлордун иши лицензияланууга тийиш. Ошондуктан жарандар акча каражаттарын которуудан мурда тиешелүү кызматтын мыйзамдуулугун жана ишенимдүүлүгүн текшерүүсү керек.
Бишкек шаарынын прокуратурасы укук коргоо органдары менен биргеликте кибермошенничествонун алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындай кылмыштарды иликтөөдө убакыт фактору өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан кылмыштын изин жоготпоо үчүн телефон номерлерин, банктык операцияларды, эсептерди, электрондук капчыктарды, мессенджерлердеги кат алышууларды жана башка санариптик маалыматтарды өз убагында аныктоо жана бекитүү зарыл. Негизги максат – акчанын жабырлануучудан акыркы алуучуга чейинки кыймылын толук аныктоо.
Алдамчылыктын алдын алууда жарандардын өзүнүн сактыгы да маанилүү. Банктык картанын реквизиттерин, PIN-кодду, сырсөздөрдү жана SMS аркылуу келген ырастоо коддорун эч кимге бербөө, шектүү шилтемелерди ачпоо, интернет-ресурстардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана мүмкүн болсо эки факторлуу аутентификацияны колдонуу зарыл. Айрыкча улгайган ата-энелерге жана жакындарына жаңы алдамчылык схемалары жөнүндө түшүндүрүп туруу маанилүү.
Эгерде шектүү операция жасалса, дароо банкка кайрылып, операцияны бөгөттөөгө аракет кылуу, бардык телефон номерлерин, билдирүүлөрдү, шилтемелерди жана төлөм документтерин сактап, укук коргоо органдарына тез арада билдирүү керек. Кибермошенничествого каршы күрөшүү – укук коргоо органдарынын гана эмес, банктардын, байланыш операторлорунун, мамлекеттик органдардын жана жарандардын биргелешкен милдети. Эң негизгиси – шашпоо, маалыматты текшерүү жана купуя маалыматтарды эч кимге бербөө.
М. Алиев, прокуратура бөлүмүнүн прокурору
